2021-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Киев шаарынын Соода өнөр-жай палатасы тарабынан уюштурулган Эл аралык соода клубунун кезектеги 20-жылдык мааракелик жолугушуусуна катышты.

442

Элчилик Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, катышуучуларга ишкердик субъекттери жана инвесторлор үчүн мыйзамдарды либералдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун алкагында B2B жолугушуулары уюштурулуп, анда мамлекеттик инвестициялык долбоорлор жана Кыргызстандагы жеке компаниялардын коммерциялык сунуштары көрсөтүлдү. Биздин өлкөнүн энергетика тармагы украиналык компаниялардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Элчилик украиналык компанияларды Кыргызстандын улуттук экономикасына активдүү инвестиция салууга жана кыргыз өнөктөштөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк ишканаларды ачууга чакырды.

  • 2021-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Киев шаарынын Соода өнөр-жай палатасы тарабынан уюштурулган Эл аралык соода клубунун кезектеги 20-жылдык мааракелик жолугушуусуна катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK