Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2019-жылдын 7-майындагы маалыматтык билдирүүсү

514

2019-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Хорватия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джамич менен жолукту.

Тараптар өлкөлөр жөнүндө маалымат алмашып, анын өзгөчөлүктөрүн айтып берип, ошондой эле, алар элчи болуп дайындалган өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар жана актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алмашышты. Элчи Ж.Шарипов кыскача Кыргызстан жана Европа Биримдигинин кызматташуусу жөнүндө маалымдады.

Жолугушуунун соңунда, Хорватия Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джамич Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу Украинадагы Хорватия Республикасынын Элчилиги тарабынан демилгеленип, достук маңызда өттү.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK