2020-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги “Кыргыз-украин мамилелери” темасындагы видео байланыш аркылуу Ош Мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетинин студенттери үчүн уюштурулган конок лекциясына катышты.

185

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө университеттин ректору Элчилик студенттер үчүн лекция окуп берүүгө макул болгондугу үчүн ыраазычылык билдирип, бул кадам студенттердеги билим алууга болгон кызыкчылыгына түрткү боло тургандыгын билдирди.

Лекциянын жүрүшүндө Элчилик тарабынан кыргыз-украин мамилелеринин түптөлүшү, азыркы абалы, эки тараптуу кызматташуунун перспективдүү багыттары, ишмердүүлүк жана жакынкы мөөнөткө коюлган максаттар тууралуу баяндап берди.

Лекциянын соңунда окутуучулар жана студенттер менен суроо-жооп форматында диалог болду.

Элчилик университеттин жетекчилигине таажы вирусунун пандемиясынан жаралган шартта заманбап технологияны колдонуу аркылуу лекцияны уюштуруусу үчүн ыраазычылык билдирип, студенттерге окууларына ийгиликтерди каалады.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK