Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жана Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк темадагы илимий конференция жөнүндөгу пресс-релиз

1380

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жана Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк

 темадагы илимий конференция жөнүндөгу пресс-релиз

 

Бишкек - Пекин, 2021-ж. 27-октябры Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги Кытай коомдук илимдер академиясы (ККИА) менер бирге “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы жана Кытай Эл Республикасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк” темасындагы илимий-практикалык онлайн-конференциясын уюштурду.

КРнын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министринин орун басары А.Мадмаров ачылыш сүйлөө сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк жылдарында, өзүн тынчтыкты сүйгөн, жоопкерчиликтүү жана активдүү эл аралык коомдук мүчөсү катары көрсөтүп, эгемендүүлүктү, суверендүүлүктү жана өлкөнүн аймагынын бүтүндүгүн, ошондой эле улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык тышкы саясатын жүргүзүүнү улантаарын белгиледи.

Мындан тышкары, А.Мадмаров азыркы учурда эки тараптуу өз ара аракеттешүү жигердүү өнүгүп жана ал мамилелер 30 жылдын ичинде өтө жогорку деңгээлге жеткенин баса белгилеп, кыргыз-кытай мамилелеринин учурдагы абалы жөнүндө маалымдады. Ошондой эле, “Бир алкак – бир жол” демилгесин Кыргызстан инфраструктураны өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн башкы булак жана импульс катары тааныгандыгын белгиледи. Өзүнүн сүйлөө сөзүндө Кыргыз Республикасынын жетекчилиги өлкөдөгү инвестициалык климатты жакшыртууда жигердүү иш алып барып, кытай инвестицияларынын коопсуздугун камсыздоого даяр экендигине көңүл бурду. Сөзүнүн аягында, бай тарыхка ээ болгон жана уникалдуу Кытай Комунисттик партисынын 100-жылдык мааракеси менен кытай досторун куттуктады.

Кытай тараптан, КЭРдин Өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча Атайын өкүлү Ли Хуэй сөз сүйлөдү. Ал эгемендүүлүктүн 30 жылдын ичинде Кыргызстандын эли кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды жеңип, улуттук эгемендүүлүктү, суверендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү бекем коргогонун белгиледи. Ошондой эле, эл аралык коомдун толук укуктуу мүчөсү катары, өнүгүүнүн өзгөчө жолунда мамлекетти куруу ишин алдыга чечкимдүү жылдырып, өлкөнүн өнүктүрүүсүндө чөн ийгиликтерге жетишкенин билдирди. Кытай дипломаты Кыргызстандын эли КРнын Президенти С.Жапаровдун жетекчилигинин астында улуттук курулушунун жана жандандыруунун жолунда чоң ийгиликтерге жетишээрине ишеним билдирди.

Ал эми КРнын КЭРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси К.Бактыгулова Кытай Кыргызстандын эң негизги соода жана инвестиция өнөктөштөрүнүн бири болгонун эске алып, КРдагы ишмердик активдүүлүктү сактоого эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташууну үзгүлтүксүз камсыздоонун, эки өлкөнүн көзөмөл өткөрмө пунктуларынын ишин оптимизациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун активдештирүү боюнча чаралардын бири катары, КРнын Президенти С.Жапаровдун буйругу менен Баткен областына өзгөчө статусу берилген. Анын аймагында өлкөнүн Өкмөтү тарабынан мамлекеттик кепилдиги каралган, өзгөчө жеңилдетилген салык жана инвестициялык режими орнотулган. Ошондуктан кыргыз тарап чет элдик инвесторлорду өлкөгө келишин чакырат.

Конференциянын катышуучулары эки өлкөнүн ортосундагы актуалдык маселелердеги өз ара аракеттенүү жана Эгемендүүлүктүн 30 жыл ичиндеги саясий жана социалдык-экономикалык жетишкендиктер жөнүндө өз баяндамалары менен тааныштырды. Кытайлык эксперттер Кыргызстандын эл аралык аренадагы ийгиликтерин жана анын учурдагы аймактык жана дүйнөлүк маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгын жогору баалашты.

Ушуну менен бирге, иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз-кытай саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүүсү тууралуу талкуулоо жүргүзүлдү. Конструктивдүү пикир алмашуу эки тараптуу өз ара аракеттешүүнү күчөтүүнүн жаңы байланыш түйүндөрүн түзүүгө, бири бирин жакын түшүнүүгө жардам берип, кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө салым кошкону белгиленди.

Жолугушуунун соңунда конференциянын катышуучулары Кырогызстандын элин маараке менен куттуктап, кыргызстандыктарга өркүндөп гүлдөөнү жана ийгиликтерди каалашты.

Конференцияда ошондой эле доклад менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Президенти М.Джуматаев, УИАнын Дж.Алышбаев академигинин атындагы Экономика институтунун директору Т.Дыйканбаева, Б.Ельцин атындагы КРСУнун кафедрасынын башчысы Г.Джунушалиева жана К.Карасаев атындагы БГУнун кафедрасынын башчысы Т.Рыскулов ж.б. сөз сүйлөштү.

Кытай тараптан ККИАнын Вице-президенти Ван Линьгуй, ККИАнын Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа Институтунун директору Сунь Чжуанчжи, ККИАнын Тарых институтунун директору Бу Сяньчунь, ККИАнын Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа Институтунун Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ян Цзин, Түндүк-Чыгыш университетинин Жибек жолу институтунун жетекчиси Лу Шаньпинь ж.б. сөз сүйлөштү.

 

Кыргыз Республикасынын Элчилиги

Кытай Эл Республикасында

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK