Элчи А.Исаев Нью-Делиде Сикким штатынын Ѳкмөтүнүн Туруктуу комиссары А.Чанд мырза менен жолугушту

2479

2020-жылдын 3-декабрында КРнын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исаевдин Нью-Делиде Сикким штатынын Ѳкмөтүнүн Туруктуу комиссары А.Чанд мырза менен жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар экология жана органикалык продукцияны өстүрүү тармагында өз ара кызматташтык маселелерин, жана ошондой эле Кыргызстандын органилык таза продукциясын Индиянын рыногуна чыгаруу жолдорун талкуулашты.

Тараптар башка чөйрөлөрдө да өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

 

Маалымат үчүн: Сикким штаты бул органикалык продукция чыгарылган Индиянын жалгыз штаты болуп эсептелинет. 2018-жылы Сикким штаты экологиялык таза продукт өстүрүлгөн жер катары дүйнөдө биринчи штат болгондугу үчүн БУУнун премиясын алган.

Сикким штатынын жетекчилигинин стратегиясы топурак, айлана-чөйрө жана адамдарга зыян азыраак алып келген, пестициддердин азыраак өлчөмдө сууну сарамжалдуу пайдалануу менен аз жерден көбүрөөк жашылчаларын өндүрүү болуп эсептелинет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK