Документтерди мыйзамдаштыруу

КОНСУЛДУК ДОКУМЕНТТЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛОО

Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн документтерди консулдук легалдаштыруунун схемасы (тартиби):

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик нотариалдык конторасы;

2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти;

4) Аймагында документтер колдонула турган чет мамлекеттин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же чет мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси (аймагында документтер колдонулат).

 

Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтерди консулдук легалдаштыруу схемасы (тартиби):

1) чет мамлекеттин компетенттүү органы;

2) Кыргыз Республикасынын чет мамлекетте аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;

3) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Эгерде документтер Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан мыйзамдаштырылбаса:

1) Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

 

Консулдук легалдаштырууга жатпай турган документтер:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген «Консулдук легалдаштырууну ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобого» ылайык, төмөнкү документтер легалдаштырууга жатпайт:

  • паспорттор;
  • аскердик билеттер;
  • эмгек китептери;
  • айдоочунун күбөлүктөрү;
  • транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө техникалык паспорттор;
  • профсоюздук билеттер;
  • үлүшкө жана динге таандык экендиги жөнүндө документтер.

Өзүнүн мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон же анын жарандарынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган документтер легалдаштырууга да жатпайт.

 

Маалымат үчүн!

1993-жылдын 22-январында Минск шаарында жана 2002-жылдын 7-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияларга ылайык,документы, компетенттүү мекеме же анын компетенциясынын чегинде атайын ыйгарым укуктуу адам тарабынан белгиленген формада берилген же күбөлөндүрүлгөн жана гербдүү мөөрү менен бекитилген, төмөнкү мамлекеттердин аймактарында эч кандай атайын күбөлүксүз кабыл алынат:

1. Азербайжан Республикасы;

2. Армения Республикасы;

3. Беларусь Республикасы;

4. Грузия;

5. Казакстан Республикасы;

6. Молдова Республикасы;

7. Россия Федерациясы; 8. Тажикстан Республикасы;

 9. Түркмөнстан;

10. Өзбекстан Республикасы;

11. Украина.

 

1961-жылдын 5-октябрындагы Чет өлкөлүк документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгарган Гаага конвенциясына мүчө-мамлекеттердин аймагында түзүлгөн расмий документтер легалдаштыруудан бошотулат (дипломатиялык же консулдук агенттер тарабынан жасалган документтерден жана коммерциялык же бажы операциясына түздөн-түз тиешелүү административдик документтерден башкасы).

В данном случае документы удостоверяются путем проставления апостиля соответствующими уполномоченными государственными органами Кыргызской Республики.

Ошол эле учурда 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет өлкөлүк документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруу жөнүндө Гаага конвенциясы Кыргыз Республикасы менен төмөнкү мамлекеттердин ортосунда бул мамлекеттердин аталган Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушуна карата каршы пикирин билдиргендигине байланыштуу колдонулбайт:

1. Австрия Республикасы;

2. Бельгия Королдугу;

3. Германиянын Федеративдуу Республикасы;

4. Эллин Республикасы.

 

Эскертүү: Мыйзамдаштыруу үчүн документтер менчик ээлеринен кабыл алынат. Документтин ээси жок болгон учурда документ нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын катышуусу менен кабыл алынат.