Отчёттук мезгилде Элчиликтин консулдук бөлүмү тарабынан аткарылган иштер тууралуу

871

2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейинки мезгилде Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Элчилик төмөнкүдөй иштерди аткарды.

Отчеттук мезгилде Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда окуя болгон жерге, анын ичинде Россиянын укук коргоо жана сот органдарына, клиникалык ооруканаларга ж.б. жайларга 26 жолу барышкан:

  • иш берүүчүлөр төлөбөй жаткан эмгек акыларын төлөтүп берүү, ошондой эле мыйзамсыз алынган документтерди кайтаруу маселелерин тез арада чечүү максатында мекендештердин иштеген жерине 11 жолу баруу;
  • ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салууну алып салуу, баңги заттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын административдик чыгаруу жөнүндө чечимдерге карата даттануулар боюнча соттордо Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо максатында Москва шаарынын жана Владимир облусунун жалпы юрисдикциядагы сотторуна 6 жолу баруу;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоонун шарттары менен таанышуу жана аларды мекенине жөнөтүү процессин тездетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Россия Федерациясынан депортациялоого же административдик жол менен чыгарылууга тийиш болгон чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу жайга 2 жолу баруу;
  • медициналык кароодон өтүүдө жеке жактардын мыйзамсыз аракеттерине карата Кыргыз Республикасынын жарандарынан түшкөн даттанууларга байланыштуу Москва шаарынын саламаттыкты сактоо мекемелерине 2 жолу баруу;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Н.В. Склифосовский атындагы Тез жардам илим изилдөө институтуна 1 жолу баруу.

Ошондой эле Элчилик Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк мекемелеринен алыс жайгашкан жана консулдук кызмат көрсөтүүлөргө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларына байланыштуу Сочи жана Краснодар шаарларында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн үзгүлтүксүз чыгуучу консулдук кызматтарды уюштурду. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө 90го жакын консулдук кызматтар көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын 13 жаранына жалпы суммасы 626 миң 500 рубль өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан кармалып калган жана төлөнбөгөн эмгек акыларын кайтарып берүүгө көмөк көрсөтүлдү.

Элчилик ошондой эле Кыргызстандын каза болгон 15 жаранынын сөөгүн («Жүк-200») мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам көрсөттү. Өз кезегинде мыйзамга ылайык, алардын жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди.

Отчеттук мезгилде консулдук иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында консулдук укук чөйрөсүндө пайда болгон көйгөйлөрдү жана маселелерди тез арада чечүү максатында төмөнкү жолугушуулар өткөрүлдү:

  • 2022-жылдын 13-апрелинде Элчиликтин кеңешчиси Ч.Мүлкубатова Москва шаарынын жарандык абалдын актыларын жазуу башкармалыгынын жетекчилиги менен Москва шаарынын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык абалдын актыларын каттоо маселеси боюнча жолугушуусу;
  • 2022-жылдын 19-апрелинде Элчиликтин консулу А.Букалаевдин «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын жарандары менен эмгек мамилелерин каттоо маселеси боюнча жолугушуусу.

Бул жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча келип чыккан маселелер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилип, тараптардын өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.

Оозеки кайрылууларды кароо боюнча Элчиликтин ишмердүүлүгүнүн алкагында дипломатиялык өкүлчүлүктүн интернет-кабылдамасына келип түшкөн жарандардын 177 кайрылуусуна, ишеним телефондору аркылуу кайрылган 2700гө жакын жаранга тиешелүү жооптор жана консультациялар, ошондой эле чат-бот «өзүн өзү тейлөө менюсу» платформасында 1000ге жакын жаранга кеңештер берилди.

Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүү маселеси боюнча 11 миңге жакын консулдук иш-чаралар жүргүзүлдү:

Жарандык (чет элдик) паспортторду даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө  -2080

ID-паспортторду даярдоо үчүн бланктарды каттоо - 696

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн даярдоо үчүн анкеталарды тариздөө -  347

Жалпы жарандык (чет элдик) паспортторду берүү - 1424

ID-паспортторду берүү  - 540

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү  - 230

Мекенге кайтууга күбөлүк берүү - 1760

Консулдук каттоо / каттоодон чыгаруу - 1610

ПИН дайындоо / оңдоо - 1248

Документтерди суратып алуу  - 941

Жаңы төрөлгөн балдарга улуттук каада-салт боюнча фамилия ыйгаруу, калктуу конуштардын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү - 285

КРнын жарандыгына таандыктыгын орнотуу - 50

Нотариалдык иш-аракеттер  - 25

Жарандык абалдын актыларын каттоо жана күбөлүк берүү – 25.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK