Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги видеоконференция режиминде Россия Федерациясынын Ростов-на-Дону шаарындагы «ДонЭкспоцентр» конгресс-көргөзмө комплексинде өтүп жаткан «Дени сак муун» Эл аралык форум-көргөзмөсүнүн ишине катышты.

605

2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги видеоконференция режиминде Россия Федерациясынын Ростов-на-Дону шаарындагы «ДонЭкспоцентр» конгресс-көргөзмө комплексинде өтүп жаткан «Дени сак муун» Эл аралык форум-көргөзмөсүнүн ишине катышты.

Иш-чараны Россия Федерациясынын Ростов облусунун Мыйзам чыгаруу жыйынынын колдоосу менен «Максимум» компаниялар тобу жана «Улуттар жүзүнүн Евразиялык компаниялар тобу» уюштурган.

Форумдун негизги максаты - Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы социалдык-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын өндүрүшчүлөрүнө Россия Федерациясынын Түштүк Федералдык округунун аймагындагы соода аянтчаларын берүү.

Форумга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Ражабалиев жана Ош шаарынын Мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Элчилик өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого зор салым кошкон аймактык деңгээлдеги иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз Республикасында региондорду өнүктүрүүгө жана региондор аралык кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө артыкчылыктуу көңүл буруунун контекстинде өтүп жаткан форумдун темаларынын актуалдуулугу баса белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK