Айыл чарба экспортерлорго "AgriteK-2021" ге (2021-жылдын 23-марттан 27-мартка чейин, Катар мамлекети, Доха шаарында) катышуу үчүн маалымат

3525

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Доха шаарында 2021-жылдын 23-27-март аралыгында Катардын “AgriteK-2021” Эл аралык айыл чарба көргөзмөсү өткөрүлө тургандыгын билдирет (http: // agriteq. com).

Катардык Эл аралык айыл чарба көргөзмөсү (AgriteQ) жыл сайын өткөрүлүп турат жана бул агрардык сектордогу жаңылыктар, азык-түлүк коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү боюнча жол картасынын тенденциялары жөнүндө билүү, тажрыйба алмашуу, продукция, тейлөө жана соңку жетишкендиктерди көрсөтүү үчүн жакшы аянтча болуп саналат, ошондой эле экспорттук товарларды жылдырууга, керектүү кардалдарды табууга кенен мүмкүнчүлүк берет.

Бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу, Катар Мамлекетинде аккредитацияланган элчиликтер, соода миссиялары жана чет өлкөлүк компаниялар гана катыша алышат.

Ушуга байланыштуу, Элчилик алдыдагы көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын кызыкдар тараптарын көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 10-мартында аяктайт.

AgriteK-2021ге катышуу боюнча бардык суроолор менен Катар Мамлекетиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилигине төмөнкү байланыштар менен кайрылсаңыздар болот:

Mob. тел. / ватсап + 974 3377 3054;

же Бишкек номери +312 962927 же 312 962925;

Электрондук почта: kgembassy.qa@mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK