Маданий-гуманитардык кызматташуу

Кыргызстан жана Түркиянын маданий-гуманитардык жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыгы динамикалуу багыттарынан бири болуп саналат.

Негизги багыттардын бири - билим берүү тармагындагы кызматташуу. Бул кызматташтыктын алкагында бюджеттик жана жеке негизде 1792 студент жана 19 курсант (азыркы студенттердин көбү Кыргыз Республикасында жана онлайн окушат) ТРнын университеттеринде билим алышууда. 2019-2020 окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда 490 Түркия жараны билим алган, анын ичинен 311 Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы ортосунда билим берүүчү көпүрөгө айланган КТУ "Манас" Университетинде, ошондой эле республиканын башка жогорку окуу жайларында билим алышат.  

Тараптардын ийгиликтүү өз ара аракеттешүүсүнүн дагы бир мисалы - 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган Социалдык камсыздандыруу келишими. Келишимге ылайык, мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эки республиканын жарандары Кыргызстандын аймагында да, Түркиянын аймагында да пенсия жана жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

2020 жана 2021-жылдары коронавирустук пандемия шартында, Элчиликтин ишинин негизги аспектилеринин бири COVID-19 менен күрөшүүгө гуманитардык, техникалык жана каржылык жардам тартуу болду.

Гуманитардык кызматташтыктын маанилүү жагы - Саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун алкагында жыл сайын Кыргыз Республикасынын 150 жаранынын Түркия Республикасынын медициналык мекемелеринде бекер дарылануулары. Коронавирустук пандемияга байланыштуу 2020-жылдын февраль айында түрк тарап бул Макулдашууну аткарууну убактылуу токтотту.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү маданий иш –чаралардын бири Кыргызстандын демилгеси менен 2014, 2016 жана 2018-жылдары үч жолу өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаты - дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданиятын, өзгөчөлүгүн жана жашоо образын жандандыруу жана сактоо. 2018-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда Ысык-Көлдө өткөн III- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө кийинки IV-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынган. Коронавирустук пандемияга байланыштуу, түрк тарап IV-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2022-жылдын сентябрына жылдырды.

Элчилик улуттук баалуулуктарды жана салттарды, ошондой эле Кыргызстандын тарыхый инсандарын жайылтуу боюнча ар кандай иш-чараларды уюштуруу менен иш жүргүзүп жатат.

Акыркы жылдарда Элчиликтин Түркиянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге өткөргөн маанилүү иш чараларынын бири – Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында улуу жазуучунун эстелигинин орнотулушу. Анын расмий ачылыш аземи 2019-жылы жазуучунун туулган күнү 12-декабырда өткөн.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында кыргыз эпосунун баатыры Айкөл Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп видеокайрылуу жасап, болуп жаткан салтанаттуу аземге байланыштуу куттуктоолорун билдиришти.

2021-жылдын 1-октябрында Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарых паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү.

Маданият чөйрөсүндөгү кызматташтык эки тараптуу деңгээлде да, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алкагында да жүзөгө ашырылууда. Акыркы эки жылдын ичинде бир катар иш -чаралар өткөрүлдү, алардын ичинде "Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору -2019" жылынын ачылыш аземи, тарыхый инсан Курманжан Датканын жаркын элесине арналган "Биринчи айым - Азиянын генералы" кечеси, С.Чокморовдун 80 жылдык, Т.Турсунбаеванын 75 жылдык, Ч.Базарбаевдин 70 жылдык, А.Жакшылыковдун 70 жылдык мааракелерине арналган эскерүү иш –чаралары.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата, Элчилик Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун иш сапарынын алкагында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда Түркия Республикасынын Президентинин сарайында (2021-ж. 09-июну), ТРнын Парламентинин Вице-спикери С.Билгичтин катышуусу менен Түркиянын парламентинде (2021-ж. 23-июну)., Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Я.С.Кырандын катышуусу менен Тышкы иштер министрлигинде (2021-ж. 06-июлу), Анкаранын Вице-мэри С.Чыггандын катышуусу менен "Зафер" көркөм галереясында (2021-ж. 23-августу), ТРнын Биринчи айымы Э.Эрдогандын, ТРнын Президентинин Аппаратынын Генералдык директору М.Казан жана китепкананын башчысы А.Туглунун катышуусу менен ТРнын Президенттик комплексинин ичинде жайгашкан Улуттук китепканада (2021-ж. 6-сентябры), Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) Башчысы Р. Хисаржыклыоглу TOВВ имаратында (2021-ж. 30-сентябры) сүрөт көргөзмөсүн даярдап уюштурду.

Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOВВ) жетекчилиги менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 31-августунда Анкаранын борборундагы TOВВнин эки эгиз эң бийик имараттары (мунаралары) Кыргызстандын желегинин түстөрүнө боёлду. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Невшехир аймагынын Үчхисар муниципалитетинде Кыргыз Республикасынын туусу аба толтурулган шар менен асманга учурулуп, андан кийин Түркиядагы эң белгилүү туристтик аймактарынын бири Каппадокиядагы Үчхисар сепилине илинди.