Анкарадагы кыргыздар тушоо кесүү тоюн өткөрүштү

2021-жылдын 10-октябрында Түркиянын борбору Анкарада иштеп, окуп, бала-чакалуу болгон мекендештер тушоо кесүү тоюн өткөрүштү. Иш чарага Анкарадагы жалпы кыргыздар катышышты. Тойдо 11 уул-кыздын тушоосу кесилип, келген коноктор баталарын беришти жана ак тилектерин айтышты.
Алыста жүргөн мекендештерибиз кыргыз элинин илгертен бери келе жаткан салттарынын бирин унутушпай, улап сактоо жолунда.