Пайдалуу маалымат

РФ аймагына кирүүгө багыт алган КРнын жарандары үчүн эскертме

Кирүү тартиби: Визасыз

РФна/нан кирүү/чыгуу үчүн документтердин тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ички ID-card);
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкөгө чыгуучу);
  3. Кызматтык паспорт;
  4. Дипломатиялык паспорт;
  5. Моряктын паспорту (деңиз кемесине кирүү же андан чыгуда);
  6. Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн күбөлүк.
  7. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чыга элек балдар үчүн) КРнын жарандыгын көрсөтүү менен (туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркеме).
  8. Жашы жете элек балдар үчүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жана үчүнчү жактардын коштоосу менен РФна чыгуусу жана кайра кайтуусу үчүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу. Россиянын мыйзамы боюнча жашы жете элек баланы ата-энесинин бирөө коштоп жүргөн учурда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдук талап кылынбайт.

РФна кирүү жана анда туруу тартиби:

Миграциялык карта

РФнын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө өткөрмө пункттарында миграциялык картаны көрсөтүү керек, анда “кирүү максаты” деген графага кирүүнүн максаты көрсөтүлүшү керек.

Эгерде КРнын жараны РФна иштөө максатында кирип жатса, миграциялык картада милдеттүү түрдө кирүү максатына “жумуш” деп көрсөтүлүшү зарыл.

Миграциялык каттоого туруу

КРнын жарандары РФнын компетенттүү органдарында (РФнын ИИМи) 30 күндүн ичинде катталуу милдетинен (турган жеринде катталуу) бошотулушат.

Убактылуу туруунун мөөнөтү КРнын жаранынын РФнын аймагына кирген күндөн баштап эсептелет. Ал РФнын аймагына кирүүдө РФнын чек ара органдары тарабынан белгиленген миграциялык карта менен тастыкталат.

Эгерде КРнын жараны РФнын аймагында 30 күндөн ашуун туруп калса, РФнын компетенттүү органдарында (РФнын ИИМи) катталууга тийиш (турган жеринде каттоого туруу).

РФна иштөө максатында келген КРнын жарандарын каттоого тургузуу мөөнөтү аны менен түзүлгөн эмгек же жарандык-укуктук келишимдин иштөө мөөнөтүнө жараша болот.

Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жумушчу жана анын үй-бүлө мүчөлөрү келген өлкөнүн аймагынан каалаган убакта чыгып, каалаган убакта кире алышат. Ар бир кайра кирүүдө каттоого туруунун жол-жоболору кайталанышы керек.

РФнын аймагына башка максаттар менен кирген КРнын жарандарын каттоо КРнын жаранынын РФнын аймагына кирген күндөн тартып 90 күндөн ашык эмес мөөнөткө жасалат.

Миграциялык каттоого тургузуу боюнча бардык жол-жоболорду Кабыл алуучу тарап ишке ашырат. Кабыл алуучу тарап чет өлкөлүк жаран иштеп жаткан юридикалык жак, алардын филиалдары же өкүлчүлүктөрү же жумушчунун турган ордунун ээси, ошондой эле РФнын аймагында жашап жаткан РФнын жарандары, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок жактар (туруктуу жашоо укугуна ээлер) болушу мүмкүн.

Чет өлкөлүк жаран тура турган жерге келгенде Кабыл алуучу тарапка төмөндөгү документтерин көрсөтөт: паспорт жана миграциялык карта.

Паспорт жана миграциялык картасы алып салынбайт. Турган орду боюнча каттоо үчүн мамлекеттик алым алынбайт.

Кабыл алуучу тарап чет өлкөлүк жаран көрсөткөн документтердин негизинде чет өлкөлүк жарандын турган ордуна келгендиги тууралуу атайын бланк толтурат.

Эмгекке орношуу

ЕАЭБне мүчө-мамлекеттердин эмгекчилеринин укук жана милдеттери 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБи жөнүндө Келишимдин Эмгек миграциясы бөлүмүнүн 96-98-беренелеринде жана мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө Протоколдо (ЕАЭБи жөнүндө Келишимге №30 тиркеме) жазылган.

КРнын жарандары алган билимдерине жана адистиктерине ылайык РФда кесиптик ишмердүүлүк менен алектенүүгө укуктуу. Мында педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевтикалык билимдери болсо, адистиги менен иштөөсү үчүн мыйзамда бекитилген шарттарга ылайык билими тууралуу документти таануу жол-жоболорунан (нострификация) өтүү керек.

Иштеп тапкан кирешесине салык алуу РФнын резиденттери үчүн каралган ставкалар боюнча жүргүзүлөт. РФда жеке жактардын алган кирешесине салынган салык 13% түзөт, салыкты жумуш берүүчү төлөйт.

КРнын жараны болгон эмгек мигранты РФнын Пенсиялык фондуна төгүү үчүн жеке эсептик камсыздандыруучу номерин (СНИЛС) алуусу керек.

Кыргызстандын жарандары бекер медициналык тез жардам алуу укугуна медициналык камсыздандыруучу полисинин барына же жогуна карабастан, РФнын жарандары алгандай эле укуктуу. Ошону менен бирге эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин (ММК) же ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу (ЫМК) полисин алуу сунушалат.

РФда эмгектенип жаткан КРнын жаранынын РФнын аймагында чогуу жашаган балдары РФнын мыйзамдарына ылайык мектепке чейинки мекемелерде жана жалпы билим берүү мекемелеринде билим алууга укуктуу.

РФнын миграциялык мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчилик

Россия Федерациясынын азыркы кезде иштеп жаткан мыйзамдарына ылайык, төмөндөгү кеңири таралган учурларда чет өлкөлүк жаранга Россияга кирүүгө уруксат берилбеши мүмкүн же такыр эле уруксат берилбейт:

Россиянын аймагында турганда чет өлкөлүк жаран убактылуу катталган күндөн баштап отуз күн аягына чыкканга чейин Россиядан чыгып кетпесе. Бул учурда Россияга кирүүгө үч жылга тыюу салынат.

Россияга кирүүгө 5 жылга тыюу салынат,эгерде чет өлкөлүк жаран 180 күн, бирок РФнын аймагында убактылуу туруу мөөнөтүнөн 270 суткадан ашык эмес убакыт аймактан чыкпастан үзгүлтүксүз турса. Ал эми Россияда убактылуу туруу мөөнөтү 270 суткадан ашык турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн Россияга кирүү 10 жылга жабылат.

Ошондой эле чет өлкөлүк жаран үч жылдын ичинде Россияда бир нече жолу (эки же андан көп) административдик жоопко тартылса. Бул учурда кирүүгө тыюу административдик жоопкерчиликке тартуу тууралуу акыркы токтом күчүнө киргенден баштап үч жыл ичинде иштейт.

Эгерде жаран соттун чечими менен Россиянын аймагынан чыгарылса, Россияга кирүүгө тыюу ал чечим чыккандан баштап беш жылга созулат.

РФнын федералдык маанидеги субъектилеринде Москвада жана Санкт-Петербургда, Москва жана Ленинград облусунда миграциялык мыйзамдын бузулушу үчүн, жаранга жети миңге чейин штраф салынат да, милдеттүү түрдө аймактан чыгарылат.

КРнын жарандары РФнын аймагында компетенциясына жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери кирген сотко, прокуратурага, ички иштер органдарына жана РФнын башка дагы мекемелерине эркин жана тоскоолдуксуз кайрыла алышат, РФнын жарандарына берилген шарттарда аларда чыгып сүйлөөгө, өтүнүч менен кайрылууга, доо арыз менен кайрылууга жана башка дагы процессуалдык аркеттерди ишке ашырууга укуктуу.

Пайдалуу шилтемелер

Кыргыз Республикасынын Президенти: www.president.kg

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү: www.gov.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши (Парламент): www.kenesh.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: http://www.mfa.gov.kg/

Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу миграция боюнча мамлекеттик кызмат: www.mz.gov.kg

Россия Федерациясынын аймактарындагы Коомдук өкүлдөр

  1.          Иркутск облусу (Иркутск ш.)    Абдылдаев Тынчтык    8-964-356-97-13
  2.          Камчатск крайы (Петропавлоск-Камчатск ш.) Абдуллаев Саади Махмадович           8-924-685-55-20
  3.          Пенза облусу (Пенза ш.)         Абдыжапаров Элдияр Абдыжапарович          55-13-88, 70-77-11
  4.          Томск облусу (Томск ш.)          Абдуманапов Рустам Абдубаитович   8-923-444-50-55 8(38222)412542
  5.          Алтай Республикасы (Горно-Алтайск ш.)        Адамбеков Мырзабек Жумабекович  8(38822)67766 8-923-660-91-39
  6.          Ярославск облусу Ярославль ш.        Арыкбаев Керим Чилдебаевич            8-9052-135-34-98
  7.          Омск облусу Омск ш.  Асанов Акимбек Мырзаевич    8-923-671-26-45
  8.          Красноярск крайы (Красноярск ш.)      Батаева Назгуль Жанышбековна        8-913-534-44-33, +7-391-254-20-10
  9.          Москва ш.        Кравцов Василий Васильевич 8-926-690-09-72
  10.        Астраханск облусу (Астрахань ш.), Дадабаев Абдусамат Абдурахимович    8-908-614-13-86
  11.        Саха Республикасы (Якутия) (Мирный ш.)      Жалганов Эркинбек Калыевич            8-924-864-72-73
  12.        Оренбург облусу (Оренбург ш.)          Жандарбек уулу Таалай          8-922-854-50-42 8-903-369-95-31
  13.        Бурятия   Республикасы (Улан-Уде ш.)           Жапаркулов Болот Сыражиевич         +7-30122-41-40-74 8-902-563-15-758-964-402-94-76
  14.        Кемеровск облусу Новосибирск ш.     Имаралиев Абдималик Жармаматович          8-951-578-44-55
  15.        Москва ш.        Касымалиев Мирлан Каналбекович    8-916-212-22-70 8-903-150-88-41
  16.        Мурманск облусу Мурманск ш.           Каримов Мансур          8-953-303-22-24
  17.       Примория крайы (Петропавловск-Камчатск ш.)          Капаров Каныбек Арапович   8-924-239-70-50 8-908-993-88-53
  18.       Тверь облусу (Тверь ш.)          Кочоров Маратбек Рахманалиевич    8-290-165-46-00 8-903-011-19-89
  19.       Тюмень облусу (Сургут ш.)     Култаев Кадырбек Жумабаевич         8-909-041-13-46
  20.       Москва ш.       Юсупов Уланбек Манапович  8-926-065-11-44 8-903-682-20-658-926-872-71-18
  21.       Ленинград облусу (Санкт-Петербург ш.)        Мамасадыков Турдубек Абдымаликович       8-905-283-82-03
  22.       Магадан облусу (Магадан ш.) Мамбетова Раяна Жороевна 8-924-850-10-53
  23.       Воронеж облусу (Воронеж ш.)           Намазбеков Талантбек Намазбекович           8-4732-777-949
  24.       Челябинск облусу (Челябинск ш.)       Пусуров Камбар Ырысбаевич            8-905-834-44-80 8-951-811-62-74 8-351-25-63-69
  25.       Саха Республикасы (Якутия) (Якутск ш.)        Сайдикулов Эсен Какелеевич            8-924-177-04-40
  26.        Татарстан Республикасы (Казань ш.) Сариев Закир Акматович       8-903-305-29-56
  27.       Тюмень облусу (Тюмень ш.)   Сманова Ханзада       8-909-735-73-95
  28.       Алтай крайы (Барнаул ш.)      Тезекбаев Мелисбек Орунбаевич      8-906-961-89-68
  29.       Сахалинск облусу (Южно-Сахалинск ш.)       Толбаев Эшимбет Балтабаевич         8-914-642-30-56
  30.       Новосибирск облусу (Новосибирск ш.)          Тойтуков Жаркынбай Эгемкулович    8-923-237-15-71 8-913-706-07-48
  31.       Краснодарск крайы (Сочи ш.) Тумор Андрей Александрович           8-988-238-44-49
  32.       Забайкальск крайы (Чита ш.) Турдубаев Бактыбек Дадаевич          8-924-375-80-40 8-924-504-05-27
  33.       Тыва Республикасы (Кызыл ш.)         Туюков Куттубек Шейшеевич  8-913-354-13-37
  34.       Хакасия Республикасы (Абакан ш.)    Чериков Азизбек Арапбаевич 8-962-848-14-25   8-913-449-64-75

Аймактардагы кыргыз диаспорасынын коомдук бирикмелеринин лидерлери

Москва ш.Москва облусу        «Кыргыз – Биримдиги» – аймак аралык коомдук уюму Кубатбеков Турсунбай Сатимбаевич, тел.: +7 925 157 80 07

Санкт-Петербург ш.     АКУ «Санкт-Петербургдагы Кыргыз Үйү» Жапарова Сара Идрисовна          иш.тел. 8 (812)- 622 18 70

Красноярск ш. ККНКЦ «Достук» Жорокулов Калык Ысакович           тел.: 8 (391)278-24-34

 Оренбург ш.   «Кыргыз маданий борбору» Оренбург шаардык коомдук уюму Нуркулов Жыргалбай Исаакович    тел.: 8 (909)-611 55 25

 Татарстан Республикасы Казань ш.   Татарстан Республикасындагы «Ынтымак» кыргыз улуттук-маданий ѳз алдынчалыгы Муканбетов Бейшенбек Аскербаевич  иш.тел. 8(432)-921604

 Свердловск облусу Екатеринбург ш.   Мусулмандардын диний башкаруусунун алдындагы кыргыз диаспорасынын диний башкаруусу Свердловск облусу Сатыбеков Жаркынбай Сыйнатович            сот. 8(902)-8795093

 Екатеринбург ш.         НО «Киргизия-Урал» фонду Бусурманкулов Кадырбек         тел: 8-(922)-109-11-99 сот. 8 (343)-3724133

 Самара ш.        «Манас-Ата» кайрымдуулук фонду Кудуев Акылбек Аскербекович сот. 8 (905)-3034766 иш.тел. 8 (462)-903484

 Иркутск ш.        Токтогул Сатылгановдун атын жана чыгармачыл мурасын түбѳлүккѳ калтырууга жардамдашуучу Иркутск облустук коомдук кайрымдуулук фонду Ашыралиев Бейшеналы Акматалиевич      иш.тел. 8 (395) 2650410

 Ростов-на-Дону ш.      «Киргизия-Дон» – Президент шаардык улуттук-маданий ѳз алдынчалыгыАбдылдаев Курманбек Карыбекович

Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү

1. Кожобаев Толонбай Жанибекович – Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

2. Галиева Жаркынай Душаевна -ыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары;

3. Жорокулов Канатбек Кадырбекович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси, тел.: +7926 100 37 35;

4. Шаршеев Марлес Каныбекович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси, тел.: +7925 735 49 46;

5. Алкадыров Бакыт Абылкасымович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси;

6. Абдразаков Доорбек Усенович – Өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси;

7. Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахапович – Өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси, тел.: (Хабаровск ш.) +7 421 238 55 75;

8. Турдумаматов Жусупакмат Таштанович – Өкүлчүлүктүн башкы адиси (Тюмень ш.) -тел.: +7(965) 594 60 23; +7 963 450 55 00

9. Анашев Кубанычбек Камытович – Өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси (Красноярск ш.) – тел.: +7 (923) 333 07 93; +7 3952 43 67 00

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы №96 токтому менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Өкүлчүлүгү (мындан ары – Өкүлчүлүк) Москвада ачылган.

2016-жылдын декабрь айынан баштап Өкүлчүлүк Москва шаарында төмөндөгү дарек боюнча иштейт: Москва ш., Малая Полянка көч.12а.