Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Россия Федерациясынын Челябинск облусунун ортосунда туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана санаториялык-курорттук дем алуу уюштуруу боюнча онлайн жолугушуу өттү

509

2021-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана санаториялык-курорттук дем-алуу уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу менен Россия Федерациясынын Челябинск облусунун ортосунда өткөн онлайн кеңешмеге катышты.

Видеоконференцбайланыш форматындагы бул жолугушуу ушул жылдын апрель айында Челябинскиде өткөн эки аймактын башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн уландысы болду.

Видеоконференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенова, Челябинск облусунун экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Андрей Минченко, Башкы консул Руслан Бийбосунов жана эки облустун ден соолукту чыңдоо мекемелеринин өкүлдөрү катышып, туризм тармагын келечекте өнүктүрүү боюнча жана ошондой эле эки аймактын ортосундагы түз аба каттамдарын уюштуруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Видеоконференциянын жүрүшүндө делегация өкүлдөрү эки региондун курорттук мекемелеринин мүмкүнчүлүктѳрү менен тааныштырышты, маалыматтык турларды уюштуруу, профсоюздук линия аркылуу кызматташуу, курорттук мекемелердин, туристтик фирмалардын жана өнөр жай ишканаларынын ортосунда кызматташтык келишимдерин түзүүнү талкуулашты.

Видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча тараптар пландаштырылган иш-чараларды андан ары иштеп чыгуу жана конкреттүү натыйжаларга жетишүү үчүн өз ара консультацияларды улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK