Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

564

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

 

Россия Федерациясынын Президентинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 364  «Жаңы коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышынын кесепеттерин жоюу мезгилинде Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын убактылуу жөнгө салуу чаралары жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2020-жылдын 15-мартына жана 2021-жылдын 15-июнуна чейин Россия Федерациясынын аймагында болгон жана өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырбаган (легалдаштырбаган) Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул жылдын 30-сентябрына чейин Россияда болуу абалын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар экендигин эскертебиз.

Ал үчүн төмөнкү жол-жоболорду аткаруу зарыл:

            - жумуш берүүчүдөн эмгек же жарандык-укуктук келишимди алуу (расмий түрдө иштебегендерге же колунда келишимдин көчүрмөсү жокторго тиешелүү);

            - кабыл алуучу тарапка (жашаган батирдин ээсине) паспортун, миграциялык картасын жана эмгек келишиминин көчүрмөсүн, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүн тастыктаган документтерди (эгер алар чогуу жашашса), чет өлкөлүк жаранды батирине/үйүнө жайгаштыргандыгы жөнүндө кабарлоо бланкасын толтуруу жана миграция кызматына жөнөтүү үчүн көрсөтүү керек (батирдин ээси чет өлкөлүк жаранды батирине/үйүнө жайгаштыргандыгы тууралуу билдирүүнү толтурууга жана миграция кызматына жөнөтүүгө милдеттүү);

            - миграциялык каттоодон өткөндөн кийин, кабыл алуучудан (батирдин ээсинен) жашаган жерине каттоого тургузулгандыгы жөнүндө бланкынын бөлүгүн алуу.

            Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жарандарынан 2021-жылдын 30-сентябрына чейин Россия Федерациясынын аймагында өзүнүн болуусун мыйзамдаштырып алуусун өтүнөт.

Буга чейин миграциалык мыйзамдарды бузган жарандар айып пулдарын төлөөсү керек. Мурда экиден ашык административдик укук бузууларга тартылган, ошондой эле өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечимдерге кабылган мекендештер, өз ыктыяры менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин Россия Федерациясынын аймагынан чыгып кетүүсү зарыл.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK