Германиянын Екатеринбургдагы башкы консулу менен жолугушуу тууралуу

2022-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Германия Федеративдүү Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Маттиас Крузе менен жолугушту.
Дипломаттар эки тарапты кызыктырган бир катар темаларды талкуулашты, анын ичинде консулдук кызматтарды көрсөтүү, кыргыз-немис мамилелеринин жана аймактагы эл аралык соода-экономикалык байланыштардын өнүгүүсү боюнча пикир алмашышты.