Башкы консул КМШ өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу кечеге катышты

874

 

2022-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун губернатору Е.В. Куйвашев атынан уюштурулган, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөр менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган салтанатту кечеге катышты.

Кеченин алкагында Свердлов облусунун губернатору Е.В. Куйвашев, Свердлов облустунун мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Л.В.Бабушкина, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлү А.В. Харлов, Екатеринбург шаарынын башчысы А.В. Орлов, Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Г. Мерзлякова, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Азербайжандын, Армениянын, Тажикстандын консулдук мекемелеринин жана Беларустун Екатеринбургдагы консулдук мекемелеринин жетекчилери куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Башкы консул Р.Бийбосунов акыркы 30 жыл ичинде кыргыз-орус мамлекеттер аралык мамилелеринин бекем пайдубалы тургузулуп, эки тараптуу кызматташуунун олуттуу келишимдик-укуктук базасы түзүлгөндүгүн, ал Кыргызстан менен Россиянын өз ара аракеттенүүсүнүн дээрлик бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде аймактар ​​аралык мамилелерди камтыганын белгиледи.

Иш-чарага коомдук уюмдардын, мекендештердин улуттук-маданий жана диаспоралык бирикмелеринин өкүлдөрү да катышышты.

Кече КМШ өлкөлөрүнүн артисттери менен музыканттары жана Свердлов мамлекеттик балдар филармониясынын жамааты көрсөткөн өнөрлөрү менен коштолду. Кыргыз улуттук бийин аткарган ” KG-Dance-Урал” бий тобу, биздин өлкөнү татыктуу тартуулады.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK