Нотариалдык маселелер
Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынын элчилиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде нотариалдык иш аракеттерин жүргүзөт. Өзгөчө элчилик Кыргыз Республикасында ишеним көрсөтүүчүнүн атынан укуктук иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ишеним каттарды жана арыздарды тастыктайт.
Нотариалдык иш аракеттер Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарында жайгашкан элчилигинде кайрылуучунун өздүк катышуусу менен төмөнкү документтердин негизинде ишке ашырылат.
- Фамилия, аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефонун, электрондук дарегин толук көрсөткөн жана керектүү нотариалдык документти сураган кайрылуу.
- Кайрылуучунун Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
- Ишеним көрсөтүлүп жаткандын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.
- Суралып жаткан документтин түрүнө жараша төмөнкү документтер талап кылынат:
– Жашы жети элек баланы чет өлкөдө коштоп жүрүү учурунда, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн жана жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү.
– Кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү башкарууга укук берип жаткан учурда каралып жаткан мүлккө укугун далилдеген документтер (техпаспорт, үй китепчеси, авто унаанын техпаспорту, сатуу-алуу келишими ж.б.у.с).
Кыргыз Республикасынын "Нотариалдык жөнүндө" мыйзамдын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Консулдук уставынын 38-пунктуна ылайык консул төмөнкүдөй нотариалдык аракеттерди кылат:
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы болгон кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерден тышкары бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
- мурасталуучу мүлктү коргоого карата чара көрөт;
- мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет;
- жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берет;
- документтердин жана алардын көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
- документтерге коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт.
- бир тилден экинчи тилге которулган документтердин тууралыгын күбөлөндүрөт;
- граждандын тирүү жүргөндүгүн күбөлөндүрөт;
- граждандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүн күбөлөндүрөт;
- граждандын фото сүрөттөгү адам менен окшоштугун күбөлөндүрөт;
- документтер көрсөтүлгөн убактытты күбөлөндүрөт;
- акчалай сумманы жана баалуу кагазды депозитке кабыл алат;
- аткаруу жазууларын жүргүзөт;
- документтерди сактоого кабыл алат;
- далилдерди камсыз кылат;
- деңиз каршылык билдирүүлөрүн жүргүзөт.