Элчи Э.Бейшембиев Пакистандын Өкмөтүнүн Соода Министрлигинин Катчысы Мария Кази айымы менен жолугушту

2019 – жылдын 25-сентябрнда, Исламабад шаарында Элчи Э. Бейшембиев Пакистандын Өкмөтүнүн Соода Министрлигинин Катчысы Мария Кази айымы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2019-жылдын 4-чү бөлүмүндө өтө турган соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынынын жана Кыргыз-Пакистан Ишкер Советинин маселелерин талкуулашты.
Элчи Э.Бейшембиев Катчы Мария Казиге Кыргызстандын экспорттук жана салым мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, ошондой эле ар түрдүү чөйрөлөрдө эки өлкөнүн бизнес-жамааттардын ортосундагы кызматташтыгы үчүн зор мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап ошондой эле "Пакистан + Кыргызстан" атындагы соода-өнөр-жай көргөзмөсүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.