Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолугушуусу тууралуу

799

Ушул жылдын 17-сентябрында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Пакистанда жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун алкагында элчи У.Тотуяев этникалык кыргыздардын Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, ошондой эле ар кандай укуктук, социалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экени тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, этникалык кыргыздардын өкүлдөрү элчи У.Тотуяевди дайындалышы менен куттукташып, кыргыз-пакистан мамилесин өнүктүрүүгө жана Пакистандга Кыргызстандын имиджин бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен иштерге кызыкдар экенин билдиришти. 

Тараптар этникалык кыргыздардын жана кыргыздарга көчүп кетүүнү каалаган кайрылмандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык иштерди жүргүзүү максатында элчи У.Тотуяевдин Пакистандагы кыргыздардын жашаган жерлерине иш сапарын жакын арада уюштурууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK