«Көчмөндөр каада-салттарынын жана улуттук кийимдеринин дүйнөсүнө саякат» деп аталган салтанаттуу кечеси жөнүндө

5926

Кыргыз Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү үчүн жана чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдыруу максаты менен, 2019-жылдын 6-февралында Кыргыз дипломатиясынын 75 жылдыгына арналган «Көчмөндөр каада-салттарынын жана улуттук кийимдеринин дүйнөсүнө саякат» деп аталган салтанаттуу кечеси өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Пакистанда аккредиттелген чет мамлекеттердин элчилеринин жубайлары, Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана башка чакырылган меймандары катышты.

Иш-чаранын концепциясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы аялдардын ролу, алардын Кыргызстандын саясатына, дипломатиясына катышуусуна  арналды.

Чет өлкөлүк конокторго "Курманжан датка" тарыхый тасмасынын трейлерин, тематикалык сүрөт көргөзмөсүн , ошондой эле Кыргыз улуттук кийимдердин көрсөтүүнү көрө алганга, улуттук тамактардан ооз тийгенге мүмкүнчүлүк түзүлдүү.

Өз кезегинде, мода көргөзмөсү кыргыз аялдардын жашоо жолуна арналып, кыргыз кыздын балалыгын, жаштыгын, үй-бүлө куруусун, балдардын төрөлүшүн жана гүлдөгөн каруусун билдирди.

Иш-чаранын негизги максаты чет-өлкөлүк конокторду кыргыз элинин каада-салттары жана адаттары менен, биздин ата-бабаларыбыздын көчмөн маданияттары менен тааныштыруусу болду.

«Көчмөндөр каада-салттарынын жана улуттук кийимдеринин дүйнөсүнө саякат» деп аталган салтанаттуу кечеси коноктордун Кыргызстандын тарыхына жалпы кызыгуусун өстүрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK