Элчи Эрик Бейшембиев Пакистан Сенатынын Төрагасы Садик Санжрани менен жолукту

2019 жылдын 8-февралында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев Пакистан Сенатынын Төрагасы Садик Санжрани менен жолукту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, иш сапарлар менен алмашуу жана "Пакистан-Кыргызстан" парламенттик достук топторунун ишин жандандыруу, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшембиев Кыргыз-Пакистан мамилелеринин терең тарыхый тамырларын баса белгилеп, ЕАЭБ жана ЕБ ЖПС+ программасынын алкагындагы Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык, ошондой эле Пакистандан Борбор Азияга чейин кыска унаа жолу аркылуу өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.