Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Мамлекетиндеги Элчиси Э.Бейшембиев жана Пакистандын текстилдик ишканалар бирикмесинин (APTMA) башкы катчысы Хамид Туфаил Хан мырза менен жолугушуусу жөнүндө

5059

2019-жылдын 23 январында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Мамлекетиндеги Элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын текстилдик ишканалар бирикмесинин (APTMA) башкы катчысы Хамид Туфаил Хан мырза менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди күчөтүү жолдорун жана текстилдик өнөр-жайында кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

APTMA бирикмесинин башкы катчысы 2019-жылдын 11-14 апрелинде Лахор  шаарында өтө турган  Экинчи эл аралык "TEXPO-2019»  көргөзмөсү боюнча маалыматын берин, кыргыз компанияларын катышууга чакырды.

Элчи Э.Бейшембиев Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын "TEXPO-2019»  көргөзмөсүнө  катышууга кызыктуусун билдирип, Кыргызстандын текстилдик өнөр-жайы өнүгүүсү тууралуу толук маалыматын  берди.

Өз кезегинде, Пакистан тарабы эки өлкөнүн ортосундагы ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө  даяр экендигин тастыктады.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK