2021-жылы 7-июнда Пакистандын Синд провинциясынын Готка районунда жайгашкан Дахаркага жакын жерде жүргүнчү ташуучу эки поезддин кагылышуусунан кеминде 40 адам каза болуп, 100гө жакын адам жаракат алган.

1174

Пакистан Темир Жолунун билдиришинче, кырсык таңкы саат 03:30 чамасында Карачи - Саргодха каттамындагы Миллат Экспресс поезди рельстен чыгып кетип, Равалпинди шаарынан келе жаткан Sir Syed Express поезди менен кагылышкандан кийин болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Элчилик жүргүнчүлөрдүн катарында Пакистандагы Кыргыз Республикасынын жарандарынынын тизмесин тактоо, ошондой эле көзөмөлдөө иштерин улантууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK