2019-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүнү, Кыргызстандын туристтик потенциалын чет өлкөлөрдө жайылтууну көздөгөн резиденцияда “Көчмөндөрдүн кийимдерине саякат” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Э.Бейшембиев Исламабадда.

891

Иш-чара кыргыз дипломатиясынын негизделгенинин 75 жылдыгына арналган.

Иш-чаранын концепциясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхындагы аялдардын ролу, алардын Кыргызстандын саясатына жана дипломатиясына катышуусу болду.

Келген конокторго тематикалык сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле кыргыз аялынын жаштыгынан, өспүрүм кезинен, кыз кезинен турмушка, бала төрөп, урматтуу карылыктан өткөндүгүнүн символу болгон мода көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Иш-чаранын максаты - кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адаттарын жайылтуу жана конокторду көчмөн маданияты менен тааныштыруу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK