КРдин Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана ЭКУнун департаментинин Башкы директору Акса Наваз айымы менен жолугушту

596

2021-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) департаментинин Башкы директору Акса Наваз айымы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды, анын ичинде соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү, андан тышкары Кыргыз Республикасынын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда иш сапарлары менен алмашуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын элчиси У.Тотуяев Кыргызстандагы ички саясий кырдаалдын турукташуусу, өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык потенциалы, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын кайра жандануусуна кызыгуу тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде, Акса Наваз айым эки өлкөнүн мамилелерин тереңдетүүгө жана активдештирүүгө даяр экенин ырастап, биргелешкен жол жана логистикалык долбоорлорду илгерилетүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK