Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин Бишкек шаарына иш сапары тууралуу

347

2021-жылдын 3-октябрынан 6-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Бишкек шаарына иш сапар менен болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасынын Элчилиги тарабынан 2019-2020-жылдары аткарылган иштер боюнча отчет берди.

Иш сапардын алкагында Элчи У.Тотуяев Пакистандан келген ишкерлер делегациясы менен бирге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинде, Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинде, Кыргыз Ишкерлер жана өнөр жайчылар союзунда жолугушууларды өткөрдү. Алардын жүрүшүндө кыргыз-пакистан соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестиция тартуу талкууланды.

Ушуну менен бирге пакистандык ишкерлер менен кыргыз бизнесинин өкүлдөрүнүн ортосунда бир катар В2В жолугушуулар өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK