О встрече Посла У.Тотуяева с генеральным директором государственной авиакомпании “Pakistan International Airlines”, маршалом авиации Аршадом Маликом

557

2021 -жылдын 1 -сентябрында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан мамлекеттик “Pakistan International Airlines” авиакомпаниясынын башкы директору, аба маршалы Аршад Малик мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты, атап айтканда, Кыргызстан менен Пакистандын авиакомпаниялары тарабынан паритеттик негизинде чартердик каттамдарды ишке ашыруу, ошондой эле өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого кызыкдар экенин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK