Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Лахор университетинин (UOL) төрагасы Авайс Рауф мырза менен жолугушту

536

2021 -жылдын 14 -сентябрында Лахор шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Лахор университетинин (UOL) төрагасы Авайс Рауф мырза менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ушул жылдын ичинде эки өлкөнүн компаниялары менен ишканаларынын, мамлекеттик органдарынын, эксперттеринин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бишкекте экинчи кыргыз-пакистан бизнес форумун уюштуруу маселесин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK