Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти, доктор Аршад Таки менен жолугушту

306

2021 -жылдын 23 -сентябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти, доктор Аршад Таки менен жолугушту.

Пакистан медициналык комиссиясынын президенти, доктор Аршад Таки У.Тотуяевди Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

         Элчи У.Тотуяев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы тууралуу маалымат берди, ошондой эле Кыргызстан менен Пакистандын тарыхый жана маданий тыгыз байланыштарын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, медициналык билим берүү мекемелерин текшерүү жаатында тажрыйба алмашуу жана Кыргыз Республикасынын бир катар медициналык жогорку окуу жайларынын Пакистан медициналык комиссиясы тарабынан таануу жолдорун талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK