Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Кайсер менен жолугушуусу өттү

2021 жылдын 13-октябрында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Улуттук Ассамблеянын Спикери Асад Кайсер менен жолугушуусу өттү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана алмашуу сапарлары, эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Элчи У.Тотуяев кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгынын олуттуу потенциалын белгилеп, Пакистан тарабына Кыргызстандын инвестициялык, соода-экономикалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн Борбор Азия, ЕАЭБ жана ЕБ рынокторуна продуктуларын өндүрүү жана экспорттоо боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн активдүү колдонуусун сунуштады.