12-ноябрда шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн жарандардан арыздарды кабыл алуусу аяктайт

1059

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги, 2021-жылдын 12-ноябрында шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн жарандардан арыздарды кабыл алуу аяктарын эске салат. Ошол эле учурда, 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган Кыргызстандын жарандары 2021-жылдын 15-ноябрына чейин шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшыра алышат.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Элчилик Кыргызстандын жарандарын алдыдагы добуш берүүгө активдүү катышууну жана Исламабад шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде ачылган шайлоо участкаларына келүүнү өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK