Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин 2021-жылдын 12-ноябрындагы маалымат билдирүүсү

1208

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жогорудагы Мыйзамдын 43-беренесинин 3-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилгендигин билдирет:

«16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкү мөөнөттөргө берилет:

         - бала төрөлгөн учурдан тартып ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө;

         - бир жаштан тартып 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө».

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин (2021-жылдын 24-сентябрындагы №99 «Эркин-Тоо» гезитинде жарыяланган), башкача айтканда 2021-жылдын 24-декабрынан тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK