Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин пакистандык ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуусу тууралуу

834

Ушул жылдын 18-ноябрында Кыргызстандын Исламабад шаарындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү – «Marshal Trading Co» компаниясынын башкы директору Ахмад Лон, «Pak Aims Travel & Tours (Pvt.) Ltd» компаниясынын башкы директору Садик Сабир жана «Belt & Road Consultants (Pvt) Ltd» компаниясынын башкы директору Мухаммад Асиф Нур менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган маселелерди, атап айтканда, кыргыз-пакистан биргелешкен бизнес долбоорлорун түзүү жана Кыргызстанда өндүрүш ишканаларын ачуу келечектерин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, кыргыз-пакистан соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүүдө бардык зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

 Өз кезегинде пакистандык тараптын өкүлдөрү элчи У.Тотуяевди «Made in Gujranwala Expo» көргөзмөсүнө катышуу жана Гужранвала шаарынын Соода-өнөр жай палатасына баруу максаты менен үстүбүздөгү жылдын 15-23-декабрында Гужранвала шаарына иш сапар менен келүүгө чакырышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK