Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинин 2021-жылдын 25-ноябрндагы маалыматтык билдирүүсү

964

Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинин

2021-жылдын 25-ноябрндагы маалыматтык билдирүүсү

 

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021-жылдын 28-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө активдүү катышуу өтүнүчү менен кайрылат.

Шайлоого катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public.xhtml шилтемеси боюнча шайлоочулардын тизмесинде өзүңүздөрдү тактап, төмөндө көрсөтүлгөн шайлоо участогуна келүүңүздөр зарыл.

Пакистандагы 9049 Участкалык шайлоо комиссиясы төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Исламабад ш., F8/1 сектору, 33 көчөсү,12 үй.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын интернет-баракчасындагы “Талапкерлер жана партиялар” бөлүмүндө ар бир партия жана талапкерлер тууралуу маалымат алууга, ошондой эле шайлоо программалары менен таанышууга мүмкүн: https://shailoo.gov.kg/ru/news/5752/.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK