Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигинин "PFOFA CHARITY BAZAAR 2021" кайрымдуулук жарманкесине катышуусу тууралуу

844

Ушул жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги Пакистандын Тышкы иштер министрлигине караштуу Аялдар Ассоциациясы тарабынан Пакистандын Президентинин жубайы Самина Алвинин катышуусунда уюштурулган “PFOFA CHARITY BAZAAR 2021” кайрымдуулук жарманкесине катышты.

Иш-чарага 25тен ашык өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле кабыл алуучу өлкөдө аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар сувенирдик буюмдарды, ошондой эле өз өлкөлөрүнүн улуттук тамактарын жана суусундуктарын тартуулашты. Кыргызстандын элчилиги ар кандай улуттук сувенирлерди, тамак-аштарды жана суусундуктарды көргөзмөгө койду.

Ошондой эле жарманкеде жогоруда белгиленген өлкөлөрдүн артисттери тарабынан ар кандай номерлер аткарылып, өнөрлөрү тартууланды.

Жарманке учурунда чогулган бардык каражаттар кайрымдуулукка жумшалат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK