2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинде жайгашкан №9049 УШКсында Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата добуш берүүнүн аякташы жөнүндө

945

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин №9049 шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата добуш берүү аяктады.

Добуш берүүгө консулдук каттоодо турган, биометрикалык каттоодон өткөн жана шайлоочулардын акыркы тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары катышты.

Добуш берүү тынч маанайда, белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, ошондой эле COVID-19 массалык инфекциясын болтурбоо максатында зарыл санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK