Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Д.Амангелдиевдин Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.А.Тотуяев менен бирге Пакистан Ислам Республикасынын ишкерлер делегациясы менен жолугушуусу тууралуу

661

Ушул жылдын 27-декабрында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилиги тарабынан экономикалык дипломатияны илгерилетүү үчүн уюштурулган кабыл алуучу өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, алар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө пакистан тарабынан «Супер Азия групп» компаниясынын директору Мухаммад Файзал Афзал жана «Посейдон» компаниясынын президенти Ахсан Сарвар катышышты.

Тараптар эки жакты кызыктырган, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөсүндөгү кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерин талкуулашты. Алар өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда мындан ары байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз тарабы өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы тууралуу кыскача маалымат берип, эки өлкөнүн бизнес байланыштарын кеңейтүүгө бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK