Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Д.Т.Ибраевдин Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.А.Тотуяев менен бирге Пакистан Ислам Республикасынын ишкерлер делегациясы менен жолугушуусу тууралуу

563

Ушул жылдын 28-декабрында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилиги тарабынан экономикалык дипломатияны илгерилетүү үчүн уюштурулган кабыл алуучу өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, алар Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Д.Т.Ибраев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө пакистан тарабынан «Супер Азия групп» компаниясынын директору Мухаммад Файзал Афзал жана «Посейдон» компаниясынын президенти Ахсан Сарвар катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстан менен Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү талкууланды.

Кыргыз тарабы өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы тууралуу кыскача маалымат берип, эки өлкөнүн бизнес байланыштарын кеңейтүү үчүн зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен «Posidon» компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

  • Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Д.Т.Ибраевдин Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.А.Тотуяев менен бирге Пакистан Ислам Республикасынын ишкерлер делегациясы менен жолугушуусу тууралуу
  • Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Д.Т.Ибраевдин Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.А.Тотуяев менен бирге Пакистан Ислам Республикасынын ишкерлер делегациясы менен жолугушуусу тууралуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK