Кыргыз Республикасынын Инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинин директорунун милдетин аткаруучусу Н.М.Баясовдун Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.А.Тотуяев менен бирге Пакистан Ислам Республикасынын ишкерлер делегациясы менен жолугушуусу тууралуу

699

Ушул жылдын 28-декабрында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилиги тарабынан экономикалык дипломатияны илгерилетүү үчүн уюштурулган кабыл алуучу өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында, алар Кыргыз Республикасынын Инвестиция жана өнүктүрүү агенттигинин директорунун милдетин аткаруучусу Н.М.Баясов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө пакистан тарабынан «Супер Азия групп» компаниясынын директору Мухаммад Файзал Афзал жана «Посейдон» компаниясынын президенти Ахсан Сарвар катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүү маселелери талкууланды. Региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленды.

Кыргыз тарабы өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык потенциалы, ошондой эле инвесторлорду коргоо жана колдоо боюнча бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кыскача маалымат берип, эки өлкөнүн бизнес байланыштарын кеңейтүү үчүн бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктери айтылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK