Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Региондор жана чек ара аймактар иштери боюнча министри Мухаммад Талха Махмуд менен жолугушту.

220

2022-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Региондор жана чек ара аймактар иштери боюнча министри Мухаммад Талха Махмуд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, эки мамлекеттин ортосундагы саясий байланыштарды, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгына өзгөчө басым жасашты.

Элчи У.Тотуяев маектешин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, дүйнөлүк оор кырдаалды эске алуу менен Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого, ошондой эле заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга багытталган тараптардын мындан аркы биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде М.Т.Махмуд кыргыз-пакистан эки тараптуу мамилелерин бекемдөө үчүн мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK