Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Pakistan Observer” маалымат басылмасынын башкы редактору Гохар Захид Малик менен жолугушту.

437

2022-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Pakistan Observer” маалымат басылмасынын башкы редактору Гохар Захид Малик менен жолугушту.

Эки тарапты кызыктырган маселелерди талкуулоонун жүрүшүндө Элчи У.Тотуяев региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө көз карандысыз басма сөз каражаттарынын олуттуу ролун баса белгиледи. Буга байланыштуу, ал эки өлкөнүн жарандык коомуна жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары тууралуу маалымат берүү боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгы жөнүндө пикирин билдирди.

Өз кезегинде Г.З.Малик Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин маанилүү аспектилери боюнча маалыматтык чагылдыруу жагынан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев “Pakistan Observer” маалымат басылмасынын башкы редактору Гохар Захид Малик менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK