Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында жайгашкан “IQRA” университетинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселелерине арналган конок лекциясына катышты.

381

2022-жылдын 26-октябрында Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында жайгашкан “IQRA” университетинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселелерине арналган конок лекциясына катышты.

Өз сөзүнүндө Элчи У.Тотуяев катышуучуларды Кыргызстандын экономикалык, билим берүү жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен кыскача тааныштырып өтүп, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечектүү багыттарына, анын ичинде эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө, биргелешкен иш-чараларды уюштурууга, тажрыйба алмашууга, региондук өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө басым жасады.

Ал Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге көтөрүүгө жөндөмдүү болгон эки өлкөнүн баардык кызыкдар тараптарынын ортосунда ишенимдүү байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Боордош өлкөлөрдүн ортосундагы эң келечектүү байланыштыруучу элемент катары маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Элчи У.Тотуяев “IQRA” Университетинин Вице-президенти Мухаммад Ислам менен жолугушуусу болуп өттү, тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Буга байланыштуу, аталган билим берүү мекемеси менен Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин ортосунда кызматташууну түзүү боюнча жана ошондой эле, биргелешкен иш-чаралды уюштурууга макулдашышты.

  • Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында жайгашкан “IQRA” университетинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселелерине арналган конок лекциясына катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK