Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Мухаммад Ааамар Афтаб Куреши жана жаңы дайындалган орун басары Сиед Ахсан Раза Шах менен жолугушту.

327

Ушул жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Мухаммад Ааамар Афтаб Куреши жана жаңы дайындалган орун басары Сиед Ахсан Раза Шах менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи У.Тотуяев М.А.Куреши мырзага ар түрдүү деңгээлдердеги иш сапарларды жана иш-чараларды уюштуруудагы жемиштүү биргелешкен иши үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал жаңы дайындалган министрдин орун басарына мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге, кыргыз-пакистан кызматташтыгынын баардык актуалдуу маселелери боюнча жигердүү иш алып баруу аркылуу Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлдөө бөлүмүнүн жаңы жетекчилиги менен ар тараптуу өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Кыргыз тарабынын Пакистан менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө умтулуусун айтып өтүп, эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги эки тараптуу байланыштарды активдештирүү, ошондой эле соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны сыяктуу биргелешкен маанилүү иш-чараларды уюштуруу зарылчылыгын белгиледи.

Элчи У.Тотуяев эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын биргелешкен ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, өзгөчө соода, энергетика, инвестиция, билим берүү, илим, маданият жана туризм багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү жана актуалдаштыруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымдады.

Өз кезегинде пакистан тарабы келечектеги эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле кыргыз-пакистан кызматташтыгын ар тараптуу кеңейтүү боюнча активдүү биргелешкен иш чараларды өткөрүү тууралуу даярдыгын тууралуу билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK