Пакистан Ислам Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн «Кыргызиндустрия» ААКнун жетекчилиги менен жолугушуулары тууралуу

509

Ушул жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги тарабынан экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяевдин катышуусунда Пакистанда тоо-кен, энергетика, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү тармагында иш алып барган пакистандык жана кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнүн Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абураимов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөр жай кооперациясы жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин кеңири талкуулап, биргелешкен ишканаларды уюштуруу, пайдалуу кендерди биргелешип иштетүү, ошондой эле өнөр жай продукцияларынын өз ара экспорттоо-импорттоо статьяларын кеңейтүү жагынан күч-аракеттерди бириктирүү зарылчылыгына өзгөчө басым жасады.

Пакистан тарабынын өкүлдөрүнө Кыргызстандын өнөр жай тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилип, өз ара мамилелерди түзүүдө зарыл болгон жардам көрсөтүүгө даярдык билдирилди.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциалды илгерилетүү үчүн баардык кызыкдар тараптардын макулдашылган ишин талап кылаарын белгилешти.

Жогорудагыга байланыштуу, маектештер эки өлкөнүн өнөр жай кызматташтыгын тереңдетүү максатында байланыштарды мындан ары да улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

  • Пакистан Ислам Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн «Кыргызиндустрия» ААКнун жетекчилиги менен жолугушуулары тууралуу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK