Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын Лахор шаарына болгон иш сапарынын алкагындагы жолугушуулары тууралуу

2022-жылдын 23-24-декабрында Кыргызстандын Соода үйүнүн ачылыш аземине катышуу максатында Пакистан Ислам Республикасынын Пенжаб провинциясынын Лахор шаарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пенджаб провинциясынын борборунун мамлекеттик жана бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Тактап айтканда, 23-декабрда Элчи У.Тотуяев Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Кашиф Анвар менен жолугушту. Аталган жолугушуунун жүрүшүндө тараптар актуалдуу маселелерди жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Эки өлкөнүн бизнес делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштуруу, ошондой эле келерки жылдын башында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги кыргыз-пакистан бизнес форумун өткөрүүгө, ошондой эле ушул иш-чаранын алкагында өткөрүлө турган эки өлкөнүн продукцияларынын ар кандай түрлөрүнүн көргөзмө-жарманкесин уюштурууга Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын катышуусу тууралуу макулдашууга жетишти.
Ошол эле күнү биргелешкен бизнес-долбоорлорду жана башка экономикалык иш-чараларды уюштуруу үчүн Элчи У.Тотуяевдин Пенжаб провинциясынын Инвестициялар жана соода боюнча кеңешинин төрагасы Фазил Асиф Жах менен өткөн жолугушуусунда талкуулады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу соода байланыштарын чыңдоонун, ошондой эле текстилдик жана тамак-аш өнөр жайынын биргелешкен өндүрүштөрүн уюштуруунун зарылчылыгын белгилешти.
24-декабрда Элчи У.Тотуяев Лахор шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мухаммад Аамир Жанн менен эки тараптуу жолугушуусун өткөрүп, анда эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташтыгын чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиледи. Тараптар Ош жана Лахор шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча иш кагазды тез арада кабыл алууну макулдашышты.
Жогорудагы аталган баардык жолугушуулардын жүрүшүндө пакистан тарабынын өкүлдөрүнө Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташуунун артыкчылыктары, ошондой эле өлкөдөгү актуалдуу инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди.