Кыргызстандын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяевдин Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу тууралуу

339

2022-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Куруучулар ассоциациясынын мурдагы төрагасы, “Bakshi Enterprises” курулуш компаниясынын (Карачи ш.) жетекчиси Мухаммад Хасcан Бакши менен жолугушту. Жолугушууга “WCI Educational Consultants” компаниясынын директору Башир Жавед Парача катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүү, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле көптөгөн ар түрдүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында тараптар 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Карачи шаарынан курулуш, курулуш материалдарын өндүрүү, туризм, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү, ошондой эле билим берүү тармактарында иш алып барган ишкерлердин делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну макулдашышты.,
Мындан тышкары, маектештер Пакистандын Карачи шаарынын экономикалык жактан абдан жогору активдүүлүгүн эске алуу менен Карачи шаарында Кыргызстандын Соода үйүн ачууну макулдашыштыё
Элчи У.Тотуяев эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечегин кеңири талкуулоо максатында, ошондой эле Карачи шаарынын жана Белужистан провинциясынын мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу үчүн келерки жылдын башында аталган региондорго иш сапар менен барууга даяр экендигин билдирди. Аталган терминалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн алуу кыргызстандык компанияларынын продукциясынын тышкы рынокторго чыгуусуна абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK