Элчи Э.Бейшимбиев Бишкектеги ШКУ Саммитинин жыйынтыгы боюнча Пакистандагы Тынчтык жана дипломатиялык таануу институтунун тарабынан уюштурулган тегерек столдо негизги спикери катары сүйлөөдү

4639

2019-жылдын 24-июнунда, Исламабад ш.,Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Бейшимбиев Бишкектеги ШКУ Саммитинин жыйынтыгы жана ШКУнун келечеги боюнча Пакистандагы Тынчтык жана дипломатиялык таануу институтунун тарабынан уюштурулган тегерек столдо негизги спикери катары сүйлөөдү.

Бул иш-чарага маалымат жана телерадио берүү үчүн Пакистандын Премьер Министрдин атайын жардамчысы Фирдуос Ашик Аван айым, Пакистан Тышкы иштер министрлигинин ШКУ боюнча башкы директору Сайед Навид Сафдар Бохари, ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнүн элчилери, Исламабаддагы дипломатиялык корпустун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын эксперттери катышты.

Элчи Э.Бейшимбиев өз сөзүндө ШКУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында иш-чаралар, Бишкектеги ШКУнын Саммитинин жана КР Президенти С.Жээнбеков менен ПИР Премьер Министри И.Хан жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат берди. Пакистандын жана Кыргызстандын ЕБнин ЖСП + программасына катышуусун эске алганда, ал Кыргызстандын пайдалуу географиялык жайгашканын жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп Пакистан менен биргелешип буюмдарды өндүрүп жана Борбор Азиянын, ЕАЭБ жана ЕБ өлкөлөрүнүн рыногуна жеткирүүсүн сунуш кылды, ошондой эле Пакистандын Карачи жана Гвадар порттору аркылуу ачык деңизге чыгуунун Кыргызстандын кызыкчылыктары бар экендигин билдирди.

Тегерек столдун башка катышуучулары өз сөздөрүндө ШКУдагы Кыргызстандын ийгиликтүү төрагалыгынын жана анын Бишкектеги ШКУнын Саммити менена яктаганын белгиледи. Бул өлкөнүн жаңы Премьер Министри Имран Хандын биринчи жолу ШКУ өлкө башчыларынын кеӊешинин ишине катышканын белгилеп, Саммитин эӊ жакшы уюштургандыгын жана жылуу мейман достугун үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди.

        

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK