2020-жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын Илим жана Технология боюнча Федералдык министри Чаудри Фавад Хуссейн менен жолугушту

3316

         Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ковид-19 пандемиясынын шартында Кыргызстан менен Пакистандын илим жана технология жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

         Чаудри Фавад Хуссейн Пакистан тарабынын Кыргызстан менен илимий кызматташууну активдештирүүгө, кыргыз кесиптештери менен акыркы технологиялар боюнча тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди, ошондой эле Пакистандын стипендиялык программалары менен кыргыз адистерин кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK