Пресс-релиз (27 июнь, Исламабад ш.) ЭлчиЭ.Бейшембиев «HabibSyndicate» компаниясынын башчысы Рао Халид Хан мырза менен жолугушуу боюнча

5365

2018-жылдын 27-июнунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн, Кыргызстандын Пакистанда Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Э.Бейшембиев «HabibSyndicate» компаниясынын башчысы Рао Халид Хан мырза менен жолугуштуу.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Э.Бейшембиев компаниянын расмий өкүлүнө Кыргыз Республикасы жөнүндө толук айтып берип, анын ичинде географиялык жайгашуусунун артыкчылыктары тууралуу, өлкөбүздүн инвестициялык климаты, экономикалык мүмкүнчүлүгү жана экспорттук дарамети тууралуу маалымдады. Ошондой эле Кыргызстандын ДСУ, ЕАЭБге жана Жол транзиттик жүк ташуулар боюнча төрт тараптуу келишиминде мүчөлүгүн эске алуу менен, артыкчылыктары тууралуу маалымдады.

Тараптар ошондой эле, айыл чарба тармагында биргелешкен кыргыз-пакистан компанияларды түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, ошондой эле Кыргызстанда ушул жылдын сентябрында өтө турган ҮчүнчүДүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө маалымат берилди.

Өз кезегинде, Пакистан тарабы жакында боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызыгуусун билдирди жана соода-экономикалык маселелер боюнча мындан ары кызматташтыкты жандандыруу даяр экенин белгиледи.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK