Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүсүндөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу кызматы

413

Урматтуу мекендештер!

Элчилик 2022-жылдын 17-январынан тарта Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча кызматы ишке киргендиги тууралуу маалымдайт.

Буга байланыштуу жоголгон улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууну же калыбына келтирүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылса болот.

Айдоочулук күбөлүгүңүздү алмаштыруу үчүн сизде төмөнкү документтер болушу керек:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жеке идентификациялык номери (жалпы жарандык паспортто жана идентификациялык картада көрсөтүлгөн);
  • Тиешелүү формадагы арыз (консулдук бөлүмүндө берилет);
  • Кыргыз Республикасынын  жалпы жарандык паспорту;
  • Чет мамлекеттин  укуктуу медициналык мекемеси/органы тарабынан берилген,  жарактуу мөөнөтү 12 айдан ашпаган  медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк (наркологиялык экспертиза, психикалык ден соолукту аныктоо, көздү текшерүү) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен  (мамлекеттик же расмий тилге) тиешелүү тартипте консулдук легалдаштырылган (Бельгияда жашаган жарандар үчүн) же апостиль (Люксембургда жана Нидерландда жашаган жарандар үчүн) белгиси болушу керек;
  • Улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүк (жоголгон учурда берилбейт);
  • Айдоочуларды даярдоочу уюму тарабынан берилген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо курстарынан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;
  • Айдоочуларды даярдоочу  уюму тарабынан берилген айдоочунун жеке картасы.

6 жана 7-пункттарда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда "Унаа" мамлекеттик мекемеси аларды маалымат базасына киргизүү боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүргүзөт.

Ошол эле учурда бул кызмат үчүн консулдук жыйымдардын баасы 25 АКШ долларын, мамлекеттик алым баардык салыктарды жана банктык комиссияларды кошкондо болжол менен 561 сомду түзөөрүн маалымдайбыз.

Эскертүү - жарандар  дипломатиялык өкүлчүлүктөргө түздөн-түз жана жеке кайрылуусу зарыл.

Акчалай сыйлык үчүн айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштаган шектүү адамдардан алыс жана сак болуунуздарды суранабыз.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK